Чүйлүк фермердин техникасын 1 млн. сомго сатып, акчаны кымырып кеткен шылуун кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековТракторлордун жанындагы айыл тургундары. Архив
Тракторлордун жанындагы айыл тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач фермердин үй-бүлөсү ага аябай ишенгенин айтат. Улам бир техниканы сатууда шылуун жүйөөлүү себептерди айтып, ишкердин башын айлантып келген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкекте фермерди бир миллион сомдук банкротко учураткан уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы Максат аттуу жаран алдоо жолу менен Чүйдө жашаган фермердин ишенимине кирип, ага тийиштүү айыл чарба техникасын, унаасын сатып жиберип, из жашырып кеткен.

Акча жана бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жыл алдында жаранды машинага салып кетип, опузалап акча талап кылгандар кармалды
Бул боюнча фермердин арызынын негизинде Аламүдүн районунун ИИБи "Шылуунчулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козгогон. 

Ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзгөндөн кийин милиция буга чейин бир нече ирет соттолгон Ысык-Көлдүн 41 жаштагы тургунун колго түшүрдү. Иликтөөнүн натыйжасында анын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0