Чүйдө уулануудан 45 баш кой өлдү

© Sputnik / Р. Мангасарян / Медиабанкка өтүүЧабандар кой кайтаруу малында. Архив
Чабандар кой кайтаруу малында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ маалыматы боюнча мал туруп калган химия-металлургиялык заводдон анча алыс эмес жерде оттоп жүрүшкөн. Заводдун аймагынан суу агып чыгып турганы айтылууда.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Чүйдүн Орловка шаарында 45 баш кой өлгөнүн ӨКМ билдирди.

Кар тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн чыгышында жарым метр кар жаап, 150 кой, 15 топоз өлдү
Маалыматка ылайык, мал фермер Хусейн Салпагаровго тиешелүү болгон. Ал койлорунун кырылып калганын эртең менен короосуна киргенде көргөн. Ошол эле жерден окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн 10 кишиден турган комиссия түзүлгөн.

Мал ферма Орловкадан үч чакырым алыстыкта жайгашкан. Койлор туруп калган Кемин химия-метоллургиялык заводдун жанында оттогону жана заводдун аймагынан агып чыккан суудан ичкени аныкталган. 

Алдын ала маалымат боюнча малдын ууланып өлгөнү айтылууда.

Министрлик суу экспертизага жөнөтүлүп, мал жерге көмүлгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0