Намазга бара жаткан үч жаранды артынан коюп качып кеткен айдоочу кармалды

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык натыйжасында жабырлануучулардын бири ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Жанындагы жарандар медициналык кароодон өткөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Оштун Араван районундагы Чек-Абад айылынын үч тургунун намазга бара жаткан жолдон унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин Ош ИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 13-январында кечинде болгон. Катуу ылдамдык менен келе жаткан унаа куптан намазын окуу үчүн мечитке бара жаткан 39 жана эки 36 жаштагы жаранды артынан сүзгөн.

Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчө тазалап жүргөн 75 жаштагы аялды коюп качып кеткен айдоочу колго түштү
Кырсык натыйжасында жабырлануучулардын бири ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп калган. Жанындагы жарандар медициналык кароодон өткөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде милиция кызматкерлери 57 жаштагы тургунду кармашкан. Кылмышка шектүү адам кесиби боюнча мал дарыгери экенине карабастан, жабырлануучуларга жардам көрсөтпөстөн из суутуп кеткен.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0