Башкы прокуратура пара жана автоунаа талап кылган мамлекеттик кызматкерлерди кармады

Жазылуу
Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча кармалгандар бир жарандын салык боюнча маселесин оң жагына чечип беребиз деп 7 миң доллар пара талап кылышкан.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Башкы прокуратуранын кызматкерлери Салык кызматынын жана Экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлүн кырмагынын башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкеринин фуражкасы жана АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милицияга 144 миң сом пара берип жаткан жеринен молдовалык жаран кармалды
Кармалган кызматкерлер бир жарандын салык боюнча маселелерин оң жагына чечип беребиз деп 75 миң сом жана автомашина алып жаткан жеринен кармалган.

Башкы прокуратурадан билдиргендей, мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү жарандан буга чейин 7 миң доллар талап кылышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0