Бишкекте ок жана тапанча көтөрүп жүргөн өспүрүмдөр кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган киши. Архив
Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкердери өспүрүмдөрдүн жанынан ок жана травматикалык тапанчаларды табышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте курал-жарак алып жүргөн өспүрүмдөр кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-январында милиция кызматкерлери кармалган уландын жанынан эки огу менен 9 миллиметрлүү травматикалык тапанча табышкан. Ошол эле күнү Лев Толстой менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир өспүрүмдөн эки огу менен тапанча алынган.

Учурда иштин чоо-жайы иликтенип, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0