Эки миллиондук баалуу ташты Иркутскиден бери жашырып алып келе жаткан унаа кармалды

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүБаалу ташты кырдап жаткан уста. Архив
Баалу ташты кырдап жаткан уста. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иркутск — Бишкек маршруту боюнча 10 метр куб жыгач алып келе жаткан жүк ташуучу унааны текшере келгенде жыгачтын алдында катылган үч килограммдык таш табылган. Иликтөөнүн корутундусуна ылайык, анын нефрит экени аныкталды.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Панфилов районунун Чалдыбар айылынан курулуш материалдарын ташып келе жаткан "Вольво" үлгүсүндөгү унаанын жашыруун жайынан 2,2 миллион сомдук нефрит таштары табылды. Бул туурасында Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, унаа Иркусткиден келе жаткан. Баалуу минерал жыгач-таштын алдына катылып келген. 

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Мыйзамсыз ишмердүүлүк" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0