Ысык-Көлдөн ак илбирсти аткан киши камакта

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
48 жаштагы жаран ак илбирсти атып, териси менен башын автоунаасы менен алып келе жатканда колго түшкөн.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт өрөөнүнөн Ак илбирсти аткан киши камакта экенин райондук Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, 16-январда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ИИБдин кызматкерлери илбирс атып, анын териси менен башын автоунаасына салып алып келе жаткан жаранды кармашкан.

Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: илбирстин терисин сактап же белек кылгандарды жоопкерчиликке тартуу керек
Райондук ички иштер бөлүмөнүн билдиришкендей, кармалган жаран жасагандарын өз моюнуна алган. Анын баш коргоо чарасы каралат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ага карата мыйзамсыз аңчылык боюнча кылмыш иши козголду.

Ак илбирс Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жаныбар. Ага аңчылык кылгандарга 500 миң айып салынып, же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын аймагында 300гө жакын ак илбирс бар. Ал эми дүйнө жүзү боюнча алардын саны беш миңдин айланасында.

Жаңылыктар түрмөгү
0