Петровкадагы түрмөгө баңгизат ташыгандар кармалды

Жазылуу
Военно-Антоновка айылынын тургундары түн ичинде абакта кармалгандар үчүн баңгизат киргизүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8 түзөтүү колониясына баңгизат киргизүүгө аракет кылган төрт жаран кармалды. Бул туурасындагы Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Милициянын айтымында, жарандар түрмөнүн тосмосунун жанында токтотулган унаанын ичинде болушкан. Аларды текшерүү учурунда жанынан 650 грамм өлчөмүндөгү баңгизат табылган. 

Кармалгандар Москва райондук Ички иштер бөлүмүнө алып келинди. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0