Кызматтык ит чек арадан өтүп бараткан аялдын унаасынан нашаа таап чыкты

© Sputnik / Алексей Ефимов / Медиабанкка өтүүКинолог. Архив
Кинолог. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат табылгандан кийин кармалган жаран Ош шаарынын тийиштүү мекеме кызматкерлерине өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын "Достук " көзөмөл өткөрүү жайынан унаасында баңгизат бар 36 жаштагы кыргызстандык аял кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Петровкадагы түрмөгө баңгизат ташыгандар кармалды
Маалыматка ылайык, аталган жаран өткөрүү пунктунун аймагына Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасы менен кирген. Текшерүү маалында кызматтык ит унаада баңгизат бар экени боюнча белги берген. 

Андан кийин чек арачылар Бажы кызматкерлери менен биргеликте тинтүү жүргүзүп, унаанын арткы бөлүгүнөн целлофан баштыкка оролгон 118 грамм нашаа табышкан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Ош шаарынын тийиштүү мекеме кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0