АКШдагы бурганактан набыт болгондордун саны 8ге жетти

© AP Photo / Alex BrandonВашингтон шаарындын көчөсүндө кар тазалап жаткан унаа.
Вашингтон шаарындын көчөсүндө кар тазалап жаткан унаа. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдар жолдогу тоңголок жана начар аба ырайынан улам болгон жол кырсыктарынан каза табышты. Мэриленд, Виргиния, Теннесси, Кентукки, Түндүк Каролина, Жорджия, Пенсильвания, Батыш Виргиния жана Делавэр штаттарынын губернаторлору өзгөчө кырдаал жарыялашты.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШнын чыгыш аймагында калың жааган кардын айынан каза болгон жарандардын саны сегизге жеткенин New York Times гезитине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Буга чейин начар аба ырайынан улам болгон жол кырсыктарынан беш кишинин мерт болгону тууралуу айтылган.

Тазалык ишканасынын кызматкери Бишкекте кар күрөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери түнү менен кар күрөп чыгышты
Басылманын маалыматы боюнча беш киши Түндүк Каролина штатында набыт болгон. Мындан тышкары, Виргиния, Кентукки жана Теннеси штаттарынын жашоочулары да бурганактан улам жаралган жол кырсыктарынан көз жумган. 

Мэриленд, Виргиния, Теннесси, Кентукки, Түндүк Каролина, Жорджия, Пенсильвания, Батыш Виргиния жана Делавэр штаттарынын губернаторлору өзгөчө кырдаал жарыялашты.

Катаал аба ырайынан улам Вашингтон, Нью-Йорк жана ага чектеш штаттарда 7,6 миңден ашуун авиакаттам токтотулганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0