Чек арачылар буудай улпагы жүктөлгөн деген унаадан 43 тонна кумшекер тапты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу автоунаа. Архив
Жүк ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандан келе жаткан кыргызстандыктар чек ара кызматкерлерине буудай улпактарын жүктөп келе жатканын айтып, документтерин көрсөтүшкөн. Бирок, текшере келгенде унаалардан эки миллион сомдук шекер табылган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз 43 тонна кумшекер алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жарандар кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кызматтык ит чек арадан өтүп бараткан аялдын унаасынан нашаа таап чыкты
Окуя кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка — автомобилдик жол транспорту" өткөрүү пунктунда катталды. 

Жүк жүктөлгөн эки унаа менен кирип келген кыргызстандыктар 44 тонна буудай улпактарын алып келе жатканын айтып, документтерин көрсөтүшкөн. Бирок, текшерүү маалында улпак ордуна 43 тонна кумшекер табылган. 

Кумшекердин баасы болжол менен эки миллион сомду түзөт. Кармалгандар жүгү менен кошо аймактык Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0