Чек ара аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 кыргызстандык жана 1 кытайлык жаран кармалды

Жазылуу
Кыргызстандыктарга административдик кодекстин талабына ылайык айып пул чегерилсе, кытай жараны тийиштүү орган кызматкерлерине берилди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Баткендин Лейлек районундагы Сада аймагында мамлекеттик чек ара режимин бузган төрт кыргызстандык жана бир кытайлык жарандын кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Жүк ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арачылар буудай улпагы жүктөлгөн деген унаадан 43 тонна кумшекер тапты
Маалыматка ылайык, "Кулунду" заставасынын жанынан кармалган жарандардын чек ара аймагында жүрүүгө уруксаты болгон эмес, айрымдарынын өздүгүн тастыктаган документи жок болуп чыккан. 

Мыйзамга ылайык, кыргызстандык жарандарга административдик айып пул чегерилди. Ал эми керектүү документтер толтурулгандан кийин Кытай Эл республикасынын жараны тийиштүү орган кызматкерлерине берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0