Финансы полициясы Жалал-Абадда мыйзамсыз нефть казып келген жеке компанияга иш козгоду

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүНефть табылуучу жай. Архив
Нефть табылуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана нефть казууга эч кандай уруксат берүүчү лицензия алган эмес. Шарт боюнча ал тоо иштерин жана бургулоо иштерин гана жүргүзмөк.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда мыйзамсыз нефть казып алуу менен алектенген жеке ишкана аныкталганын Финансы полициясы билдирди.

Шахтерлор эс алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Кыргызстанда 1,5 млн. тоннадан ашуун көмүр казылды
Маалыматка ылайык, аталган облуста ишмердүүлүк жүргүзгөн "Тен Лун" компаниясы тоо иштерин жүргүзүүгө, скважина бургулоого жана иштебей турган скважиналарды оңдоо иштерине гана уруксат алган. Бирок муну менен бирге эки жыл бою чийки нефть казуу менен алектенип келген.

Текшерүү маалында аталган ишкананын лицензиясыз 68 миллион сомдук 4571 тонна чийки нефть казып алганы аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0