Словенияда өлкө тарыхындагы эң ири жол кырсыгы катталды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЖолдун четинде токтоп турган унаа. Архив
Жолдун четинде токтоп турган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа жолдо коюу тумандан улам 66 жеңил машина, төрт жүк ташуучу унаа жана бир автобус кагышкан. Кырсыктан төрт киши каза болуп, 33ү жаракат алды.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Словениядагы автомагистралдагы ири авариядан төрт киши каза болуп, дагы 33 адам жаракат алганын Slovenske novice порталына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн борбору Любляна менен Адриатика жээгинин ортосундагы жолдо 66 жеңил унаа, төрт жүк ташуучу машина менен бир автобус биринин артынан бири урунган. Саат 16.00дө болгон жол кырсыктын жабырлануучуларын тыгындан улам түндө араң эвакуациялоого мүмкүн болгон. Полиция аварияга коюу туман себепкер болгонун айтууда.

"Жол кырсыгы тууралуу маалымат түшөрү менен өрт өчүрүүчүлөр менен медиктерди кабардар кылдык. Алгачкы 15 мүнөттө эле окуя болгон жерде жолду унаадан тазалап 64 өрт өчүрүүчү иштей баштады", — деди полиция станциясынын жетекчиси Цвето Краваню.

Кырсыктан автобустагы 30 румыниялык, жеке унаасы менен бара жаткан тогуз венгриялык жарандар да жабыр тарткан. Аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.

"Менин оң жагымдагы унаалардын колоннасын автобус келип сүздү. Анын алдындагы жеңил унаанын айдоочусу жүк ташуучу машина көрбөй, анын алдына кирип кетип, каза болду. Бардык жагыңан кагышкан унааларды көрүү кыйын экен", — дейт жол кырсыгынын катышуучусу Миха Трефалт.

Ал мындай кырдаалда эч ким рулга ээ боло албай калганын кошумчалады. Жол полициясынын маалыматы боюнча буга чейин Словениянын аймагында мындай ири кырсык катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0