Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы пара берип жатып кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана милиция кызматкеринин баш кийими. Архив
Акча жана милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчи тендерди мыйзамсыз өткөргөндүгү боюнча ишти текшерүүнү токтотуу үчүн пара сунуштаганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Финансы полициясынын кызматкерине 50 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалганын аталган мекеме билдирди.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таласта операция жасоо үчүн акча талап кылган хирургга кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, бөлүм башчы мыйзамсыз тендер өткөргөндүгү боюнча ишти текшерүүнү токтотуу максатында акча сунуштаган. Жаран Финансы полициясы менен Нарын облустук прокуратуранын биргелешкен аракетинин натыйжасында колго түшүрүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0