Кара-Суу райондук аскер комиссариаттын инспектору пара алып кармалды

Жазылуу
Аталган кызматкер альтернативалык кызмат үчүн төлөнүүчү каражаттан тыш акча талап кылган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ошто Кара-Суу райондук аскер комиссариатынын инспектору жарандын альтернативалык кызмат өтөөсү үчүн 6000 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, баласынын альтернативалык кызматы өтөөсү үчүн тийиштүү каражаттан тышкары 6000 сом талап кылып жатканын айткан.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, 1-февралда аталган инспектор 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0