Баткендеги чек ара заставасында бир аскер экинчисин жарадар кылды

Жазылуу
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, нөөмөөттө турган аскер куралды олдоксон колдонуп, экинчи аскерди жарадар кылган.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Баткен облусундагы "Коргон" чек ара застасында келишим менен кызмат өтөп жүргөн жоокер ок тийип жаракат алганын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Улуттук Гвардиянын аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук гвардиянын жоокеринин өлүмүн тергөө учурунда 10 аскер кызматкери иштен четтетилген
Бул окуя шаршемби күнү болгон. Баткен чек ара отрядынын чек ара заставасындагы нөөмөтчү куралды олдоксон колдонуп, натыйжада курал атылып кеткен. Ок жанында турган экинчи аскердин бутуна тийген. 

Жаракат алган чек арачыга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда ал ооруканага алып келинди. Абалы канааттандырарлык деп айтылууда. Аталган окуя боюнча кызматтык териштирүү башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0