БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Интернет булактарынан Кызыл китепке кирген маралдын сатылышы тууралуу жарнамага Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисттери кокусунан кабылган.
Акыркы ирет болгон окуя — ак илбирстин атылышы коомчулукта көп талкуунун башын жаратты. Ал эми депутат Эмил Токтошев аңчылар аркарларды атууга бир лицензия алып, бир нечесин атып салып жатканын айткан.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги интернет аркылуу маралдарды сатууга республика боюнча бир да жарандын уруксат кагазы жок экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
"Интернет аркылуу сатылып жаткан марал боюнча маалымат үчүн сиздердин агенттикке ыраазычылык билдиребиз. Иликтөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамсыз сатык жүргүзгөн жарандын болжолдуу жашаган жери аныкталды", — деп билдирди мекеменин маалымат катчысы Салайдин Камалдинов.
Белгилей кетчү нерсе, маралдарды мыйзамсыз саткан жарандын жашаган жери иликтөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу азырынча айтылбайт.
Өлкөдө маралдарды атууга тыюу салынып, айып пул өлчөмү 400 миң сомду түзөт (азыркы курс менен 5,5 миң доллар).