Ошто Раззаков атындагы проспектидеги мыйзамсыз жайлар алынды

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы Исхак Раззаков атындагы проспектидеги мыйзамсыз жайгашкан соода жайлары жок кылынды.
Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы проспектидеги мыйзамсыз жайгашкан соода жайлары жок кылынды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия шаардагы мыйзамсыз курулуштар менен жайларды алуу уланаарын билдирди.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы проспектидеги мыйзамсыз жайгашкан соода жайлары жок кылынды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мэрия өкүлү Эшполот Аматовдун айтымында, мыйзамсыз жайгашкан мындай жайларды алып салуу өтүнүчү жергиликтүү жашоочулардан келип түшкөн.  

"Текшерүү учурунда беш жана 40 тонналык контейнерлер соода жай катары мыйзамсыз коюлганы аныкталды. Жыйынтыгында, алар жок кылынды", — деди Аматов.

Ал шаарга мыйзамсыз түшкөн курулуштарды жок кылуу уланаарын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0