Эл аралык издөөгө алынган кыргызстандык 8 жылдан кийин кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектелген жаран Кыргызстанга экстрадицияланып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Эл аралык издөөгө алынган Кыргызстандын жараны Россиядан сегиз жылдан кийин кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Үч күн ичинде Жалал-Абадда 13 кылмыштын бети ачылды
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2008-жылдын 30-июнунда 24 жаштагы жаранга Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал изин суутуп кеткендиктен эл аралык издөөгө алынган. 

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү жаран 11-февралда Москвадагы Домодедово аэропортунан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы менен Москва прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал Кыргызстанга экстрадицияланып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0