Ханты-Мансыда 4 жаштагы кыргызстандык бөбөктүн өлүмүнө 16 жаштагы тууганы шектелип жатат

Жазылуу
Нефтеюганск райондук тергөө бөлүмүнүн алдын ала берген маалыматтарына караганда, төрт жашар бала энесинен бөлөк жашаган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ханты-Мансы автономиялуу облусунун Нефтеюганск шаарында кыргызстандык төрт жашар бөбөктүн өлүмүнө 16 жаштагы тууганы шектелип жатат. Ага аталган аймактын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Башкы консул аталган аймактын тартип коргоо органдарынын берген маалыматында, бөбөк алган жаракатынан улам көз жумгандыгын айтты. 

"Нефтеюганск райондук тергөө бөлүмүнүн алдын ала берген маалыматтарына караганда, төрт жашар бала энесинен бөлөк жашаган. Бөбөктү өлтүрдү деп шектелген 16 жаштагы тууганы аны багып турган. Бала алган жаратынан улам каза болгон", — деп билдирди Кожобаев.

Бөбөктүн өлүмүнө шектелип жаткан бала Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында туулган жана Нефтеюганск шаарында ижарада алган батирде жашап турган. 

Кожобаев 16 жашар балага карата кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0