Бишкекте желим тапанча менен коркутуп ондон ашык дүкөндү тоногондор кармалды

© flickr.com / Joe LoongОюнчук пистолет. Архив
Оюнчук пистолет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандардын экөө 18 жашта болсо, экөө 19 жашта болушкан.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Свердлов районундагы соода-күркөлөрү менен дүкөндөрдү тоноп жүргөн жарандар кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 17-февралда "Каракчы" рейди учурунда төрт кишиден турган топ кармалган. Алардын үчөө Ош облусунун тургуну болсо, бирөө Казакстандын тургуну болгон. Кармалгандардын экөө 18 жашта, экөө 19 жашта экенин милиция билдирет.

Козулуу койду бөктөрө качкандар кармалды
Аларды тинтүү учурунда кара түстөгү эки желим тапанча, медициналык эки беткап, кол кап, кара түстөгү желим союл табылган.

Колго түшкөн жарандар шаардагы бир катар соода-күркөлөрү менен дүкөндөрдү карактап жүргөнүн моюнга алышкан.

Милициянын маалыматына ылайык, алар борбор калаадан эң аз дегенде 11 дүкөндү карактаган. 

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0