Темир союл кармаган адам. Архив

Журналист Турат Акимовду түндө темир союл менен башка чаап кетишти

512
(жаңыланган 12:11 20.02.2016)
Ал милицияга арыз менен кайрылган. Андан сырткары медициналык жардам алууга мажбур болгон.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Журналист Турат Акимовго түндө кол салуу болгонун өзү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, белгисиз чымыр денелүү киши аны темир союл менен башка чапкан.

"Артыман келип темир союл менен башка чапты. Экинчи жолу чабаарда колум менен тосуп, аны кайта чаптым. Мен чапкан учурда колундагы темир союулу жерге түшүп, ал качып кетти", — дейт журналист.

Акимов мындай кол салуу анын акыркы убактарда оппозициялык маанайда иш алып барып жаткандыгына байланыштуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады. 

Журналист милицияга арыз менен кайрылганын айтып, медициналык жардам алганын кошумчалады.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Олжобай Казабаев Акимов Биринчи Май райондук милицияга арыз менен кайрылганын тастыктады.

Акимов ага кимдер кол салганын так билбей турганын, бирок, кимдер болушу мүмкүндүгүн айтты. Учурда кылмышкерди кармоо боюнча аракеттер жүрүүдө, деди Казабаев.

Турат Акимов "Деньги и власть" гезитинин башкы редактору экени маалым.

512
Белгилер:
журналист, кол салуу, Турат Акимов
Тема:
Журналист Турат Акимовго кол салуу (6)
Тема боюнча
Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө бир күндө эки аскер октон жарадар болду
Бишкекте желим тапанча менен коркутуп ондон ашык дүкөндү тоногондор кармалды
Пикирлер