Күрөк. Архив

Өзүнөн 30 жаш улуу аял менен жашап жүргөн жигит аны өлтүрүп салгандыгын моюндады

630
(жаңыланган 17:42 20.02.2016)
Аламүдүн районунда бир жыл мурун жоголгон аялды өлтүргөн жигит милицияга күнөөсүн моюндап өзү келди.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Өзүнөн 30 жаш улуу аял менен жашап жүргөн жигит аны өлтүрүп салганын моюндап, Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына өзү кайрылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Кылмышка шектүү 24 жаштагы жарандын айтымында, аял экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны сабап салган. Алган жаракаттан улам аял өзүнө келбей каза болгон. Анын жансыз денесин айылдагы талаалардын бирине көмүп салган. 

Ал мындай күнөө менен өмүр боюу жашай албастыгын айтып, ачыкка чыгарууну чечкен. 

Былтыр апрель айында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына 52 жаштагы аялдын туугандары кайрылган. Алардын жазган арызына ылайык издөө иштери башталган. 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей милициянын ыкчам иликтөө тобу аялдын сөөгү талаада көмүлгөнүн тастыктады. 

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөсүн моюндаган жаран камакка алынды.

630
Белгилер:
жаза, кылмыш, милиция
Тема боюнча
Анапияев ким колдуу болгон. Кыргыз, беларусь милицияларынын иликтөөлөрүнүн айырмасы
Ханты-Мансыда 4 жаштагы кыргызстандык бөбөктүн өлүмүнө 16 жаштагы тууганы шектелип жатат
Пикирлер