Ысык-Атада 25 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСактоочу тегерек. Архив
Сактоочу тегерек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күн мурун чөгүп кеткен жаранды издөө иштеринен азырынча натыйжа чыга элек.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ивановка айылында 25 жаштагы жаран сууга чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 21-февралында болгон. Аталган жаран Чоң Чүй каналынан изделип, тилекке каршы куткаруучулардын ишинен натыйжа чыккан эмес.

Учурда чөгүп кеткен жаранды издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0