Жумгал: курбусунан ок жеп өлгөн бала — 80 жаштагы атасынын кеч көргөн уулу болгон

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМылтык кармаган адам. Архив
Мылтык кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге автоунаа каттабагандыктан, башынан жаракат алган 10-класстын окуучусу кансырап, жолдо каза тапкан.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында мындан эки күн мурда коёнго ууга чыгып, ок жеп кансырап каза болгон бала бүгүн жерге берилди. Бул туурасында Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жибек Ботоканова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

23-февралда Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылынын Шатман Садыбакасов атындагы орто мектептин онунчу жана тогузунчу класстарынын окуучулары коёнго ууга чыгып, бирине ок жаңылган. Ок жеген бала ооруканага жетпей, кансырап, жолдо каза болгон. 

"Балдар Баш-Кууганды коктусуна коёнго аңчылыкка чыккан. Алардын бири — 9-класстын окуучусунун аткан огу ташка тийип, кайып келип, экинчисине тийген. Кырсык болгон жерге автоунаа каттабагандыктан, башынан жаракат алган 10-класстын окуучусу кансырап, ооруканага жетпей, орто жолдо көз жумган. Ал бүгүн жерге берилди", — деп билдирди Ботоканова. 

Анын айтымында, ууга чыккан балдар жакын дос жана таяке-жээн болгон. Ал эми мылтык ок чыгарган 9-класстын окуучусунун атасына тиешелүү экендиги айтылууда. 

Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Ороз Молдосариев окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгондугун билдирди. 

"Алар туугандык байланыштарын, бала кокустуктан каза болгонун айтышууда. Учурда 9-класстын окуучусу ата-энесинин колунда болуп турат", — деди Молдосариев. 

Каза болгон бала төрт бир тууган, 80 жаштагы атасынын кеч көргөн уулу экендиги айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0