Түркиядан Кыргызстанга депортацияланып келген Бангладештин жараны кармалды

Жазылуу
Бишкектен учуп чыккан чет элдик жаран Стамбулга жеткенден кийин аэропорттогу чек ара кызматына кыргызстандык паспортту көрсөткөн.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Түркиядан Кыргызстанга депортацияланып келген Бангладештин жараны "Манас" аэропортунун көзөмөл пунктунан кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Бангладештен алган паспорту менен Бишкектен Стамбулга учкан. Бирок Түркияга баргандан кийин чек арачыларга Кыргызстандын жаранына берилген жасалма паспортту көрсөткөн. Мындан улам ал кайра келген жагына депортацияланган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аталган жаран УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0