БП: айыпталуучуну качырып жиберген күзөтчүлөр аны менен чогуу "эс алышкан"

© Sputnik / Борис Бабанов / Медиабанкка өтүүСауна. Архив
Сауна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган күзөтчүлөргө "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш козголду.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Айыпталуучуну качырып жиберген Аламүдүн РИИБ күзөтчүлөрү ошол күнү аны менен кошо саунага эс алууга барганын Башкы прокуратура билдирди.

Эскерте кетсек, жума күнү 27 жаштагы соттолуучу Азатбек Алымкуловдун качып чыккан. Каракчылык боюнча айыпталган жаран Аламүдүн районунда өтүүчү сот процессине алып келген күзөтчүлөрдүн колунан качып кеткен. Буга чейин бир нече ирет кесилген Алымкулов төрт шериги менен май куюучу жайды карактап жарым миллион сомго чукул каражатты алып кетти деп айыпталып келген.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол инспекторун капотто сүйрөп кеткен айдоочу 10 күнгө чейин камакта болот
Ал эми күзөтчүлөрдүн Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, башкы күзөтчү Алымкуловду алып чыккандан кийин эмгек өргүүсүндө жүргөн дагы бир күзөтчү менен соттолуучунун жубайы жашап жаткан үйгө келишкен. Ал жактан кыздар менен арак ичип жаткан кезде Алымкулов башка бөлмөнүн терезесинен чыгып кеткен. Күзөтчүлөр анын качып кеткенин саат 19.20да аныкташкан.

Бул боюнча аталган күзөтчүлөргө "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0