Үч баласын 82 миң сомго саткан аялдын күйөөсү милицияга кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСоска жана акча кармаган адам. Архив
Соска жана акча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйөөсүнүн айтымында, аялы жашы жете элек эки баласын бейтааныш кишилерге 80 миң сомго саткан. Андан кийин жаңы төрөлгөн баласын акушерлерге эки миң сомго соодалаган.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Сокулук районундагы Асыл-Баш айылынын тургуну аялынын үстүнөн милицияга арыз жазып, үч баласын сатып салганын айткан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

"Асыл-Баш айылынын тургуну Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, 2014-жылы анын аялы жашы жете элек эки баласын бейтааныш кишилерге 80 миң сомго сатып жибергенин айткан. Андан кийин 2015-жылы январь айында жаңы төрөлгөн кызын Чүй облустук төрөт үйүнүн акушерлерине эки миң сомго соодалаган. Жашы жете элек балдарга туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берилген", — деп айтылат башкы прокуратура тараткан билдирүүдө.

Төрөт үйүндөгү ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй облустук төрөт үйүндөгү эки өлүм үчүн акушер жумуштан алынды
Кылмышка шектелген аял кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайына камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө. 

Сокулук райондук ИИБдин тергөө бөлүмү аялга карата Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Райондук прокуратура ЗАГС кызматкерлеринин балдарга кандайча күбөлүк бергенин текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0