Финансы техникумунун окуучуларына 5 млн. сомдук зыян келтирилди

Жазылуу
Техникумдун жетекчилиги Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен жең ичинен сүйлөшүп, окуу келишимин өзүм билемдик менен жогорулатып жиберген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги Финансы техникуму менен Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жең ичинен сүйлөшүп, окуунун келишимдик баасын 12 миң сомго жогорулатып жиберген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баасы жогорулатылган дары сатып алганы үчүн Улуттук госпиталга кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, эки мекеме бир окуучу үчүн 26 миң 250 сомдун чегинде бекитилген бааны 38 миң сомго чейин көтөрүшкөн. Мындай мыйзамсыз аракеттерден улам техникумдун 494 окуучусуна беш миллион сомдон ашуун зыян келтирилгени аныкталган. 

Бул фактылар боюнча Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан техникум менен агенттиктин жооптуу кызматкерлерине карата "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0