Баткенде 19 тонна капустаны мыйзамсыз ташып келе жаткан жарандар кармалды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКапуста. Архив
Капуста. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси "Аткезчилик" боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Финансы полициясынан Баткен облусундагы кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тийиштүү документтери жок 19 тонна капуста жүктөп келе жаткан жаранды кармашкан.

Маалыматка ылайык, кармалган капуста 171 миң сомго бааланган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси "Аткезчилик" боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0