Куткаруучу. Архив

Аламүдүндө көлмөгө чөгүп кеткен 43 жаштагы жарандын сөөгү табыла элек

32
(жаңыланган 09:57 04.03.2016)
Кырсык кечээ, 3-март күнү болгон. Куткаруучулар Шадиевди издөө иштерин бүгүн да улантышмакчы.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда ГЭС-3 көлмөсүнө түшүп жатып чөгүп кеткен Мухтар Шадиевдин сөөгү изделип жатканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 3-март күнү саат 15.00дө болгон. Шадиевдин 43 жашта экени айтылууда.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү издеп, кеч болуп кеткендиктен издөө иштерин токтотушкан. Бүгүн куткаруучулар кайрадан издөөнү улантышат.

32
Белгилер:
Суу, көлмө, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкекте сууга түшүп ойноп жаткан 9 жашар бала чөгүп кетти
Ысык-Атада 25 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин архивдик сүрөтү

Түлеевдин кызматка келишинин айынан эки тарап чатакташа кетти. Видео

156
(жаңыланган 14:33 21.10.2020)
Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула башташкан. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

"Сүйлөшүүлөр" мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

156
Белгилер:
Нариман Түлеев, чатак, кызмат, мэр, Бишкек
Тема боюнча
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

87
(жаңыланган 13:08 21.10.2020)
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

87
Белгилер:
сурак, вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
АКШлык UFC мушкери Жастин Гэтжи. Архив

Гэтжи бел куруна алымсынбай... Нурмагомедов атаандашы менен тиктешкен видео

0
(жаңыланган 22:49 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Бирок аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөмөкчү.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот