Жалал-Абад облусунда жер титиреди

© AFP / FREDERICK FLORINЖер титирөөнүн графиги. Архив
Жер титирөөнүн графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын очогу Жалал-Абад шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты карай, Кара-Суу шаарынан 25 чакырым түндүк-батышты карай, Ош шаарынан 35 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 балл болгон жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Депутат Чолпон Жакупова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Жакупова: Беш баллдык жер титирөөдөн жабыркаган үйлөр камсыздалбайт
Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөө 5-мартта кечки саат 21:35 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында катталган. Анын очогу Жалал-Абад шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты карай, Кара-Суу шаарынан 25 чакырым түндүк-батышты карай, Ош шаарынан 35 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Арал, Жар-Кыштак, Дардак айылдарында 3,5 балл, Сузак, Жийде, Жаңы-Жер, Бек-Абад айылдарында 3 балл, Кызыл-Ай, Таштак, Кайырма айылдарында жана Жалал-абад шаарында 2,5 балл сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Талас облусунда дагы жер титиреген.

Жаңылыктар түрмөгү
0