Түнкү клубдардын биринде чачташкан бишкектик кыздар кармалды

© AFP / GUILLAUME SOUVANTТүнкү клуб. Архив
Түнкү клуб. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын кесепетинен эс алуу борборунунун идиштери, эмеректери талкаланган.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү борбордо жайгашкан клубдардын биринде жети кыз уруша кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Ибраимов көчөсүндө жайгашкан түнкү клубадардын биринде болгон. Анда эс алып жаткан кыздар башка столдо отурган бийкечтер менен уруша кеткен. Жыйынтыгында эс алуу борборунунун идиштери, эмеректери талкаланган.

Бейбаштык кылган кыздар кармалып, Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0