Бишкектеги тез татым жайы толугу менен күйүп кетти

Жазылуу
Өрт электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаганынан улам чыкканын ӨКМ билдирди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Юнусалиев көчөсүндөгү тез татымда өрт чыгып, ал толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 100 чарчы метр жер жараксыз абалга келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 8-мартта түштөн кийин Орто-Сай базарындагы тез татым жайында өрт чыгып, ал жакта иштегендер сыртка чыгарылган болчу. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, аны өчүрүп калышкан.

Өрт электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбаганынан улам чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0