Банк аркылуу пара алган "Сүлүктүкөмүрдүн" директорлор кеңешинин төрагасы кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана акча. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы, кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карамагындагы ишкананы текшерүү опузасы менен пара талап кылып, банк аркылуу 115 миң сомго ээ болгон.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. "Сүлүктүкөмүр" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы аймактагы ишкана жетекчисин опузалап пара алганы аныкталганын Финансы полициясы билдирди.

Бажы кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алкымы бузук бажычылар алдамчылык жана документ жасоого шектелүүдө
Маалыматка ылайык, аталган жаран ишкананы текшерүү опузасы менен анын жетекчисинен акча талап кылып, банк аркылуу өз эсебине 115 миң сом которттуруп алган.

Бул боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Пара талап кылуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлдү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0