Өзгөн: аялы тууралуу ушак тараткан деп 18 жаштагы кызды жездеси мууздап кеткен

Жазылуу
Кылмышка шектүүлөр кыз уктап жаткан бөлмөнүн терезесинен түндө киришкен.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Дөң-Булак айылында 18 жаштагы кызды уктап жаткан жеринен бөлөсүнүн күйөөсү терезеден кирип мууздап кеткен. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Ага ылайык, 7-мартта таң эрте Дөң-Булак айылында үйүнөн кекиртеги кесилген кыз тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя 6-марттан 7-мартка караган түнү болгон.

"Маалымат келип түшөрү менен шектүүлөрдүн изине түштүк. Кырсык болгон бөлмөнүн терезеси ачык калган. Ал жактан кылмышкерлердин издери алынып, анын жыйынтыгында бат эле кармалды", — дейт Ашырбаев.

Жалал-Абад милициясы дайынсыз жоголгон күрөөкана ээсинин сөөгүн тапты
Ал ошондой эле кылмышка шектүү жаран анын аялы тууралуу 18 жаштагы кыз ушактарды таркаткандыктан андан өч алуу максатында бул кылмышка барганын билдирди.

Учурда милиция кылмыштын чыныгы себебин текшерип жатат. Каза болгон кыз менен кылмышка шектелип кармалган жарандын аялы эже-сиңдинин кыздары экенин Ашырбаев кошумчалады.

Бул кылмыш ишине шектелип 24 жана 22 жаштагы эки жаран кармалган. Аларга Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0