Кара-Кулжа районунда майрам күнү 6 жаштагы бала 8 жаштагы кызды бутка атты

© Sputnik / Семенов / Медиабанкка өтүүМылтык. Архив
Мылтык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук милицияга майрам күнү саат 20.17де биринчи класстын окуучусу үчүнчү класстын окуучусун мылтык менен бутка атканы боюна билдирүү келип түшкөн.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Акбор айылында 6 жаштагы бала 8 жаштагы кызды бутка аткан. Ок кыздын оң бутунун санына тийген. Бул тууралуу Ош облустук ИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Атайын текшерүү маалында аныкталгандай, 8-март күнү кечки саат 5.00дөр чамасында сегиз жаштагы кыз апасы менен туугандарыныкына конокко келген. Алты жаштагы бала бөлмөдө турган мылтык менен ойноп жатып, кызды бутка атып алган.

Ашырбаев жаракат алган кыз райондук ооруканага жеткирилип, операция болгонун билдирди. Учурда кыздын абалы жакшы. Азыр куралдуу сактоонун мыйзамдуулугу текшерилүүдө. 

"Бул жерде ок атуучу куралды сактоо эрежеси бузулганы көрүнүп турат. Үй ээси октолгон куралды бөлмөгө коюп койгон", — дейт ал.

Окуя болгон жерден атылган бир октун калдыгы жана ТОЗ-32 үлгүсүндөгү мылтык алынган.

Окуянын чоо-жайы учурда текшерилүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0