ИИМ: арактан чыккан чырдан улам эжеси бир тууган инисин бычактап салды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрак. Архив
Арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Беловодск айылында болгон. Учурда бычак жеген айылдын 40 жаштагы тургуну аймактык ооруканада жатат.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Беловодскиде ичкиликтен улам чыккан чырдын айынан бир тууган эжеси бычактап салган 40 жаштагы жаран ооруканага түшкөнүн ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартка караган түнү болжол менен 00.30да болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган 42 жаштагы аял бир тууганы менен арак ичип отуруп, пикир келишпестиктерден улам аны бычак менен кабырга тушка сайып салганын айтып берген.

Жабырлануучунун эжеси Москва районунун убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0