Бишкекте баштыкка салынган ымыркайдын өлүгү табылды

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жансыз ымыркайды "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таап алып, дароо милиция чакырышкан. Алдын ала алынган маалыматтарда, бала ара төрөлгөн.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Шабдан баатыр (Алма-Ата) менен Абсамат Масалиев (Түштүк магистраль) көчөлөрүнүн кесилишинен ымыркайдын өлүгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Баланын өлүгүн "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таап алышкан.

"Жансыз ымыркай Шабдан баатыр менен Абсамат Масалиева көчөлөрүнүн кесилишине ташталган жерден табылган. Баланын ара төрөлгөнү көрүнүп турат", — деп билдирди маалымат кызматы.

Учурда бул иш боюнча ыкчым топ иликтөө иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0