Бишкекте болгон жол кырсыгынан "Санат" телеканалынын оператору каза болду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Жол белги. Архив
Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктан каза тапкан маркум кечээ 23 жашка толгон. Ал "Санат" телеканалында телеоператор болуп иштегени белгилүү болду.

БИШКЕК, 12-мар. – Sputnik. Бүгүн түнкү саат 00.20 чамасында борбор калаадагы Батыш автобекетине жакын жерден Mersedes 211 үлгүсүндөгү автоунаа бир жаранды коюп кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
НТС каналынын оператору жол кырсыгынан каза болду
Маалыматта, кырсыкка кабылган жаран ооруканага жеткирилгенден кийин жан бергендиги айтылат.

"Санат" телеканалында иштеген Болот Абдыжапаров каза болгон жаран аталган каналда оператор болуп иштегенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктап, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Учурда, кырсыкка шектүүнүн унаасы айып короосуна токтотулуп, тергөө иштери башталды.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан телеоператорду койдуруп кеткен автоунаа ээси кармала электигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0