Бажы төлөмүн 25 млн. сомго азайтып берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Жазылуу
"Торугарт" пунктунан толтурулган документте ишкананын 6 миллион 100 миң сом бажы төлөмүн төлөгөндүгү көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү маалында 16 унаада ар кыл товарлар жүктөлүп, бажы төлөмү 31 миллион 490 миң сомду түзөрү аныкталган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Кытайдан товар ташып келе жаткан унаанын бажы төлөмүн 25 миллион сомго төмөндөтүп берген фактысы катталганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-мартында "Торугарт" чек ара пунктунан "Бишкек Транс Сервистен" бажы документтерин толтуруу шарты менен 16 жүк ташуучу унаа чыккан. Бирок бажычылардын шалаакылыгынан улам унаалар белгиленген маршруттан четтеп кетишкен.

Аскер билети үчүн 25 миң сом талап кылган комиссариаттын кызматкери кармалды
Эки күндөн кийин Башкы прокуратура менен Чүй ОИИБ кызматкерлери аталган унааларды жүгү менен Токмок шаарынын кампасынан таап, "Бишкек Транс Сервиске" жөнөтүшкөн. Текшерүү учурунда товар жөнөткөн кытайлык ишкана бажы төлөмдөрүнөн баш тартуу максатында жалпы төлөмдүн көлөмүн туура эмес маалыматтар менен 25 миллион 390 миң сомго азайтып койгону аныкталган.

Мында "Торугарт" пунктунан толтурулган документте ишкананын 6 миллион 100 миң сом бажы төлөмүн төлөгөндүгү көрсөтүлгөн. Бирок текшерүү маалында 16 унаада ар кыл товарлар жүктөлүп, бажы төлөмү 31 миллион 490 миң сомду түзөрү аныкталган.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин 304- беренесинин ""Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"" жана 210-беренесинин ("Бажы төлөмдөрүнөн баш тартуу") негизинде кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0