ТИМ Башкыртстанда өрттөн каза болгондордун арасында КР жарандарынын бар-жогун текшерүүдө

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Россиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары кырсыктан 12 адамдын көз жумганын билдирип, алардын КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү экенин божомолдогон.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Башкыртстанда өрттөн каза болгондордун арасында КР жарандарынын бар-жогун текшерип жатканын аталган мекеме билдирди.

Буга чейин шейшемби күнү Стерлитамак шаарындагы бир кабаттуу үйдөн өрт чыгып, андан 12 адамдын каза болгону айтылган.

Алдын ал маалымат боюнча каза болгондордун баары мурунку СССР өлкөлөрүнөн акча табууга келгендер экенин республиканын тергөө башкармалыгы билдирген.

"Өлгөндөрүн өздүгү такталып жатат, окуя болгон жерде тергөө башкармалыгынын башчысы жана криминалдык лаборатория иштөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Башкармалык кырсыктан каза болгондордун экөө — аял, ону — эркектер экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0