Москвадагы кыргыздардын үйүн тоноп жүргөн эки жаран изделүүдө

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАчкыч Архив
Ачкыч Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй тоногон деп шектелгендер видеого түшүп калган. Аны тааныгандар болсо жардам берүүнү Кыргызстандын ИИМдин Россиядагы өкүлү суранууда.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Москва шаарында 7-марттан 13-мартка чейинки аралыкта белгисиз эки киши кыргыздардын батирлерин тоноп, карактап кеткен. Бул тууралуу КР ИИМдин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. 

Урматтуу достор!!! 2016 жылдын 7 мартынан 13 мартка чейинки аралыкта, Москва шаарында белгисиз 2 адам кыргыздардын бат…

Опубликовано Аскатом Алиевым 15 марта 2016 г.

Маалыматка ылайык, бир жума ичинде белгисиз жарандар 13-14 батирге чейин киришкен. Бирок, бир да жаран арыз менен кайрылбаганын Алиев белгилейт.

"Жабырлануучулар ар кандай себептер менен арыз жазгандан коркуп жатышат. Жабыр тарткандар эч нерседен коркпой арыз менен кайрылууңарды суранабыз", — дейт ал.

Үйлөргө ууруга кирип жүргөн деп шектелген эки жаран видео байкоого түшүп калган. Аны таанууга жардам бергендердин купуялыгына кепилдик берилерин Алиев баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0