Баткенде жер талаштан агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн жаран кармалды

Жазылуу
Бычак жеген үй ээси ооруканада каза болсо, анын жубайы алган жарааттарынан улам үйүндө көз жумган.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Баткен шаарында пикир келишпестиктерден улам беш баланын ата-энесин өлтүрүп кеткен үй ээсинин иниси кармалганын ШИИБ билдирди.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: аялы тууралуу ушак тараткан деп 18 жаштагы кызды жездеси мууздап кеткен
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-март күнү болгон. Кармалган Сайитказы Бактыбаев эт сатуу менен алектенген 56 жаштагы бир тууганы менен көптөн бери келе жаткан жер талашуу чырынан улам урушуп, үйүнөн бычак алып чыгып көкүрөк тушка сайганын айтып берди.

Андан кийин анын үйүнө барып камыр жууруп отурган жеңеси Айнагүл Бактыбаеваны бетине жана ич жагына бычак уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада үй ээси ооруканада каза болсо, аял үйүнөн көз жумган.

50 жаштагы кылмышка шектүү Бактыбаевге карата "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Иликтөө учурунда анын үй-бүлөсү менен ажырашып, буга чейин бир жолу соттолгону аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0