Милицияга баш бербей Башкы прокуратурага кирүүгө аракет кылган мас киши кармалды

Жазылуу
Кармалган жаран мас абалында Башкы прокуратурага кирүүгө аракет кылып, милициянын машинасынын терезесин сындырып салган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Милиция кызматкерлерине баш бербей, Башкы прокуратуранын ичине мас абалында кирип кеткенге аракет кылган жаран милициянын "Дэу-Нексия" үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасынын арткы сол эшигинин терезесин буту менен тээп сындырып салган. Бул тууралуу шаардык ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-март күнү болжол менен саат 17.35 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь аймактык күзөт бөлүмүнө Башкы прокуратурасына мас абалында белгисиз адам тынчтык бербей, эшигинин алдынан кетпей жатат деген маалымат келип түшкөн. 

Акча саноочу каражат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш жолу менен табылган 6,8 млн. сомду Баткендеги банк адалдоо үчүн Россияга которгон
Райондун ыкчам тобу окуя болгон жерге барып 44 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун кармашкан. Ал милиция кызматкерлерине баш бербей, Башкы прокуратуранын ичине мас абалында кирип кеткенге аракет кылган. 

Аны кармаган ыкчам топ Октябрь РИИБине алып келинген. Ал жолдон келе жатканда баш ийбей, буту менен эшиктерди тээп, колдору менен ургулап райондук милициянын алдында токтоп турган милициянын кызматтык 

автоунаасынын арткы сол эшигинин терезесин буту менен тээп сындырып салган.

44 жаштагы жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0