Ысык-Ата менен Токтогулда 5,5 кг. нашаа алып жүргөн 4 жаран колго түштү

© пресс-служба ГСКН при ПКРНайденные в форме спрессованных таблеток гашиш
Найденные в форме спрессованных таблеток гашиш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Мекеме тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Люксембург айылында баңгизат сатууга шектелип 24, 25 жана 26 жаштагы үч кыргызстандык жаран кармалганын Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда алардын бирөөсүнүн жанынан ныкталган дары формасындагы жарым килограммдан ашуун нашаа табылган. 

Комбинаттагы сосискалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Героинди сосисканын ичине катып жүргөн казакстандык жаран кармалды
Мындан тышкары, үч күн мурун Токтогул районундагы Ош — Бишкек унаа жолунун 323-чакырымында 42 жаштагы Бишкектин тургуну кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Текшерүү учурунда анын колундагы кара сумкадан целлофан баштыкка салынган беш килограмм өлчөмүндө нашаа бар экени аныкталган. 

Учурда аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүү, сатуу, сактоо, ташуу) негизинде кылмыш козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0