Ростов-на-Донудагы авиакырсыкта КРдин жараны да каза болду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүНа месте крушения пассажирского самолета Boeing-737-800, который разбился при посадке в аэропорту Ростова-на-Дону.
На месте крушения пассажирского самолета Boeing-737-800, который разбился при посадке в аэропорту Ростова-на-Дону. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжолдуу маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны стюардесса болуп иштеген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын Ростов-на-Дону шаарында кыйраган учактын ичинде Кыргызстандын жараны болушу мүмкүндүгүн КР өкмөтүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ростов-на-Дону шаарында кулап түшкөн учакка байланыштуу Атамбаев Путинге көңүл айтты
Болжолдуу маалыматка ылайык, Кыргызстандын жараны стюардесса болуп иштеген.

КР Тышкы иштер министрлигинин алдын ала берген маалыматы боюнча каза болгон кыргызстандык жарандын аты Жылдыз Насирдинова болушу мүмкүн. Каза болду делген кыргызстандык жаран 1988-жылы туулган.

Россиянын Дубайдагы Башкы консулдугу каза болгон жети экипаждын ичинде Кыргызстандын жараны да болгонун тастыктады.

"Экипаждын жети мүчөсүнүн — экөө Испаниянын, бирөө Россиянын, бирөө Кыргызстандын, бирөө Кипрдин, бирөө Сейшел жана бирөө Колумбиянын жараны болгон", — деп Россиянын Дубайдагы башкы консулу Айна Чернова билдирди.

Белгилей кетсек, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып, кулап түшкөн.

Анын ичиндеги бардык жүргүнчүлөрдүн каза болгону маалымдалууда. Учакта 62 киши болгон.

Update 4:flydubai confirms that flight FZ981 was carrying 55 passengers from 4 different nationalities:44 Russian8…

Опубликовано flydubai 18 марта 2016 г.

Fly Dubai компаниясынын Facebook социалдык тармагындагы баракчасындагы маалыматка ылайык, учактын ичинде жүргүнчүлөр — Россиянын 44, Украинанын сегиз, Индиянын эки жана Өзбекстандын бир жараны болгон. Мындан тышкары экипаждын жети мүчөсү каза болду.

Учак кулап түшкөн жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт баянынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0