Баткенде ишкананын 6 млн. сом салыктан качканы боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Салык төлөөдөн качкан ишкана боюнча тергөө амалдары башталды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Баткенде "Токбай-Курулуш" ишканасынын ири суммадагы салыктан баш тарткан фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компания мамлекеттик казынага 6 миллион 176 миң 48 сом салык төлөбөй койгон. 

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин негизинде (Чарба жүргүзүүчү субъектилердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөдөн четтөөсү) кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0