Каттоо кызматынын статс-катчысы 100 миң сом пара менен кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими жана акча. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статс-катчы кечээ, 22-март күнү акча алып жаткан жеринен кармалган. Жең ичинен сүйлөшкөн дагы бир кызматкер экөө учурда убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Н.Ш. 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүн райсоту 40 миң сом пара менен кармалган атка минерди үй камагына чыгарып жиберди
Маалыматка ылайык, 12-март күнү Коррупцияга каршы кызматка жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Н.Ш. Каттоо кызматынын дагы бир кызматкери менен сүйлөшүп алып, карызга таяп арыз ээсинин ар бири 7 миң долларга бааланган эки унаасын алып койгон. Мындан тышкары, 550 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Бул боюнча Н.Ш. менен Каттоо кызматынын дагы бир кызматкерине Кылмыш жаза кодексинин 170-беренесинин (Пара талап кылуу) жана 353-беренесинин (Өзүм билемдик) негизинде кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылды.

Учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчы кызматын Нурлан Шерипов ээлеп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0